Италиялык фермер Дарио Гамбарин Венето облусундагы өзүнүн эгин талаасына трактордун жардамы менен Владимир Путиндин портретин тартты. Бул кабарды бүгүн, 5-июлда "РИА Новости" маалымат кызматы жарыялады.
"Гамбарин көп жылдан бери дүйнөлүк башчылардын ири көлөмдүү портреттерин өзгөчө ыкмада тартканы менен белгилүү. Ал үчүн сүрөттү тартууга боёк же кыл калемдин кереги жок, трактордун сокосу менен эгин аянты жетиштүү. Гамбариндин эмгектери жерден байкалбайт, бийиктиктен гана көрүнөт. Путиндин сүрөтү, фамилиясы жана "G20 2017" деген жазуу кеңдиги 134 метр тегиздикке тартылды", - деп айтылат кабарда.
Айта кетсек, Гамбарин буга чейин АКШнын президенттери Барак Обама жана Дональд Трамптын да элесин эгин талаасына түшүрүп, көпчүлүктү таң калтырган эле.