Катардын Доха шаарында өтүп жаткан “Cup Qatar” аттуу мелдештин экинчи айлампасында Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамасы Катарга 2:0 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
"Оюндун 1-таймын эки команда тең гол жарата албай 0:0 эсебинде жыйынтыктады. 2-таймдын башында Катар курамасынын оюнчусу Саади эсеп санын ачканга үлгүрдү. Эсеп 1:0. Оюндун 85-мүнөтүндө Кыргыз курамасынын капитаны Бахтияр Дүйшөбеков орой оюн көргөзгөнү үчүн 2-сары айып кагазын алып, оюн талаасынан четтетилди. Катар курамасынын капитаны пенальтини мыкты аткарып эсеп санын 2:0 кылды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, олимпиадалык курама Катар менен болгон алгачкы беттешинде 3:3 эсеби менен тең чыккан.