Орусиянын Сочи шаарында эс алуучуларга панда деп сүрөткө түшүүгө сунуштаган жаныбар чау-чау күчүгү болуп чыкты. Бул тууралуу кечээ, 5-июлда аталган өлкөнүн маалымат кызматтары жарыялады.
"Сочинин жаратылышты коргоо прокуратурасы окуяны териштирип, сүрөтчүлөр атайылап элдерди өзүнө тартуу үчүн күчүктү боёп пандага окшоштуруп койгонун аныктаган. Аларды текшерүү маалында шаардын көзөмөл органынын кызматкерлери күчүк менен кошо маймыл жана эшекти да кызмат көрсөтүүгө пайдаланышарын тактаган. Учурда прокурорлор сүрөтчүлөрдү айбанаттарга катаал мамиле жасаган-жасабаганын иликтеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан бир нече күн мурун сочилик сүрөтчүлөр панданын баласын күндүн ысыгына карабай, аптапта кардарларына карматып сүрөткө түшүү үчүн алып жүргөнүн окурмандар интернетке жарыялаган болчу.