super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү. Адамдын өмүрүн узарткан өбүшүү тууралуу кызыктар

 

Бүгүн, 6-июль - Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү. Алгачкы жолу 19-кылымдын аягында Улуу Британияда белгиленген бул майрам дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө майрамдалат. Бул күнү бир катар шаарларда өбүшүү боюнча сынактар өтөт.

Кызыктуу маалыматтар:

  • Өбүшүүнү изилдеген илим филематология деп аталат.
  • Эң узакка созулган өбүшүү 2013-жылы таиланддык түгөйлөрдүн ортосунда болуп, 58 сааттан ашкан.
  • АКШнын Индиана штатында мурутчан эркекке бирөөнү өбүүгө тыюу салынган.
  • Көгүлтүр экранда өбүшүү алгачкы жолу 1896-жылы америкалыктардын "Өбүшүү" тасмасында көрсөтүлгөн.

Ханзаада Уильям жана жубайы Кейт Миддлтон үйлөнүү тоюнда

Өбүшүүнүн пайдалары:

  • Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.
  • Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.

"Таймс-Сквердеги" тарыхый өбүшүү

Тарыхтагы белгилүү өбүшүүлөрдүн бири - "Таймс-Сквердеги өбүшүү". Бул сүрөт белгилүү сүрөтчү Альфред Эйзенштадт тарабынан 1945-жылдын август айында Япониянын согуштан жеңилген күнүндө тартылган. Кызыгы, сүрөттөгү адамдардын ким экендиги 60 жылдан кийин гана аныкталган. Алардын бири америкалык медайым Эдит Шейн, экинчиси Карл Мускарелло аттуу моряк болгон. Экөө бири-бирин тааныган эмес. Ошол учур тууралуу Э.Шейн мындайча эскерген: "Ошол күнү тааныбаган адамдын мени кучактап, өбүүсүнө таң калган да, каршы болгон да эмесмин. Себеби ал күн улуу күн эле, жеңишти майрамдап жатканбыз. Айланадагы адамдардын баары кучакташып, өбүшүп жаткан".

СССРдин белгилүү башчысы Леонид Брежнев сезимдерин билдирүүдөн эч качан тартынган эмес. Буга сүрөттөрдө сакталып калган көз ирмемдер далил болуп берет. Брежневдин Германия Демократиялык Республикасынын башчысы Эрих Хонеккер менен өбүшүүсү орусиялык сүрөтчү тарабынан "Берлин дубалына" түшүрүлгөн.

6-июлга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.07.2017. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
30-03-2018 10:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Дубай
+2
Ха ха анда обушуп эле арыктай бергиле
06.07.2017. 13:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
624
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
чындыгында обушкондон кийин курсак ачканын сезесин.
06.07.2017. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
16-09-2018 22:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыктагысы келгендерге дагы бир кенеш экен да
06.07.2017. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
06-03-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Брежнев пед.. болгонбу?
06.07.2017. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
17-09-2018 16:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага кызык...Брежневдин обушкону жакпады,жанындагы аял киши болсо да бир жон... Бизге,Ислам динине караштууларга жапайычылыкта бул...
AykaMer түзөттү 2017-07-06 15:50:25
06.07.2017. 15:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
20-05-2017
Соӊку аракети:
15-11-2017 11:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыктагысы келген кыздар ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-06 16:08:34
06.07.2017. 17:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
07-09-2018 19:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Аий Брежнев кантет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114196;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: