super.kg logo

Сот Садыр Жапаровдун тарапташы Айдынбек Шамшидин уулун үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

 

Бүгүн, 7-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде "баш аламандык уюштурган" деп айыпталып кармалган жарандардын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Азиза Абдурасулова айыпталуучуларга суу берүүнү өтүндү. Ага конвойлор макул болушкан жок. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков "Мен суу, дары бердирүүгө укугум жок. Конвойлорго буюртма бере албайм" деди. Бир нече убакыттан кийин суу берүүгө уруксат берилди.

Айыпталуучулардын бири Айдынбек Шамшидин уулу атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүндү.

"Мени Жапаров менен чогуу иштейсиң деп сабашты. Көздөрүм ошондон улам көгөрдү. Мен митингде эч кандай кыйкырган эмесмин. Провокация да кылган эмес элем. Акыркы убакта атамдын ден соолугу оор болууда. Ошондуктан көзү тирүүсүндө үй камагына чыгарууну өтүнөм", - деди Шамшидин уулу.

Бирок судья ал өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
07.07.2017. 12:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул балдарды 1 айга камашты деген. Бирок камалганына 3 айдан ашты. Экинчиден буларга тагылган айыптар кандай?!

Мамлекеттик тонкоруш кылгандар камалбай этпей кайра эл баатыры аталып отурушат го, 7-апрель баатырлары деп. Булардын алардан айырмасы кайсы?! Болбосо ошол 7-апрелде мамлекеттик тонкоруш жасоого катышкандар баары кармалып соттолсун, адилеттуулук болуу учун?!! Эмнеге бизде кош стандарт?! Сот бул балдарды бошотсун же озу кызматтан кетсин, калыс боло албаса.
07.07.2017. 17:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
26-04-2017
Соӊку аракети:
27-08-2018 16:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбай аз калды сага дагы кетет окшойсун
07.07.2017. 19:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 18:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МО
0
Чындап эле атасы ооруп жатат дешти эле уй камагына чыгарышса жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: