Орусияда катуу ыйлаганы үчүн 2 жаштагы баласын сабаган Кыргыз жараны соттолду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, сот Кыргыз жаранын 7 жылга эркинен ажыраткан. Эми ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.
Айта кетсек, окуя 2017-жылдын февраль айында Тюмень шаарында болгон. Анда 25 жаштагы Кыргыз жараны 2015-жылы туулган баласын катуу сабап салган. Качан баланын абалы оорлоп баштаганда "Тез жардам" чакырышкан. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Алгач 25 жаштагы жаран кылган ишин моюнуна алган эмес. Бул факт боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн соң баланын атасы тарабынан сабалганы аныкталып, камакка алынган.