Бишкек-Токмок унаа жолунда 8-июлдагы 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнү такталды. Бул туурасында Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясындагы өздүк булак кабарлады.
"Жол кырсыгына кабылгандар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жатышкан. Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында таңкы 6ларда Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу уктап кетип, жолдун четиндеги тосмону сүзүп алган. Натыйжада каза болгондор: Куттубек Сабырбеков- айдоочу, 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган, Айлена Аскарбекова 2000-жылы туулган Бишкектин Арча-Бешик конушунун жашоочусу, үчүнчү каза болгон Азамат аттуу жүргүнчүнүн толук аты-жөнү такталууда. Ал эми 1999-жылкы Бишкектин тургуну Альбина Абдимамбетова Токмок шаардык ооруканасына түшкөн. Учурда анын абалы туруктуу", - деди өздүк булактан.
Айта кетсек, жол кырсыгы кечээ, 8-июлда эртең менен Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Анда Ысык-Көлдөн келе жаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген. Унаанын ичинде эки кыз жана эки бала болгон.