Google Digital News Initiative программасы англиялык The Press Association маалымат агенттиги өндүрүп жаткан Reporters and Data and Robots (RADAR) аттуу долбоорго 800 миң доллар каражат бөлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Долбоордун максаты интернеттен чогултулган маалыматтардын негизинде макала жазган робот-журналисттерди бириктирүү болуп эсептелет. Алдын ала берилген маалымат боюнча, 1 жылдын ичинде робот-журналисттер 30 миң макала жарыялашары күтүлүүдө. Азырынча долбоордун алкагында 5 киши иштеп, роботтордун медициналык, саясий, кырсык тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө чогултуу жөндөмүн өөрчүтүшүүдө.
Долбоор кийинки жылы жүргүзүлүп баштайт. Ал интернет басылмаларга кызыктуу макалаларды чыгарып, кошумча окурмандарды алып келерин айтат The Press Association агенттигинин редактору Пит Клифтон.
"Тажрыйбалуу журналисттер жумушсуз калбайт, роботтор жөн гана макалалардын көлөмүн көбөйткөнгө салым кошот", - деген Пит Клифтон.
Учурда айрым басылмаларда роботтор иштегени менен, аларды көзөмөлдөөчү редактор керек. Себеби алардын программалары тамаша же жалган маалыматтарды аныктай албайт.