Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын “чуулгандуу” “Махабат көлү” ырына тартылган клиби SUPER.KG`нин “Медиа-портал” бөлүмүнө жүктөлдү. Клиптин идеясы, тартуу учурундагы кызыктар тууралуу ырчы өзү айтып берди.
“Махабат көлү” ырын 1990-жылдан бери ырдап келе жатам. Бирок ал кезде техника анча өнүкпөгөндүктөн клип тарттырган эмесмин. Убакыт-сааты эми жетип, бир жума мурун толугу менен тартып бүттүк. Клип 4-5 күндө Кыргыз жеринин ар кайсы аймактарында тартылып бүттү. Мага өзгөчө таасир калтырганы Төө-Ашууга жетпей жайгашкан жүрөкчө көлү болду. Өзүм Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өсүп ушундай кооз жер бар экенин такыр билбептирмин. Аны клиптин режиссёру Эрнист Сыдыков тапты. Бирок ал көлдүн жанына унаа менен барууга болбогондуктан, 1,5 километр жөө басып барып, тартуучу топ абдан чарчап калдык”, - дейт Айчүрөк Иманалиева.
Ошондой эле SUPER.KG`нин түз эфири учурунда бул ырды Анжеликага бергенин айтып, кайрадан ырдап чыкпай турганын айтканы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
“Мен ал кезде ооруп жаткандыктан ырдаганга эмес, сүйлөгөнгө да алым жетпей жаткан. Андыктан “экинчи ырдабайм” деп эмес, болгону ошол учурда ырдай албай турганымды айткам. Негизи таптакыр эле ырдабай койсом болмок, бирок Анжеликанын “Айчүрөк эже дайыма ушинтип кутулуп кетет. Гүлнур (ред. Сатылганова) менен да ыр талашып, аягында “ырдабай эле койдум” деп кутулган” деген кебин уккан соң “Эмне, өз ырымды өзүм ырдаганга укугум жокпу? Бул ырды ыраматылык Марат Алыбаев менин ырдоо стилимди жактырганы үчүн берген” деп ойлондум. Жыйынтыгында ырга ушундай клип да тарттым”, - деди ырчы.
Эске салсак, дал ушул “Махабат көлү” ырынын айынан ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын ортосун кара мышык аралап, бир топ ызы-чуу жаралган.
Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы “Махабат көлү” ырына тартылган клипти бул жерден көрө аласыз.