Бишкек шаарынын 8-10-кичи райондорундагы жер алдынан өтүүчү өтмөктөр оңдоодон өткөрүлөт. Долбоорго ылайык, өтмөктөргө отургучтар, акысыз wi-fi, китепкана жана таштандыларды сорттоо үчүн контейнерлерди орнотуу пландалган. Мындан тышкары чыгармачылык менен алектенүү үчүн сүрөт сүйүүчүлөрүнө, музыка ышкыбоздоруна да шарт түзүү жагы каралган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында “Жаштар демилгелеринин өнүктүрүү фондунун” өкүлдөрү билдирди.
“Шаардын тазалыгы, коопсуздугу үчүн бул өтө маанилүү иш-чара. Азыр бул өтмөктөрдү таксисттер ажатканага, селсаяктар жатаканага айлантып алган. Биз бул өтмөктөр шаардагы өзгөчө мааниге ээ көңүл ачуучу жайларга айланса дейбиз”, - деди аталган фонддун координатору Айгүл Калыгулова.
Бул долбоор ыйман, адеп жана маданият жылына арналып, Бишкек шаардык Октябрь райондук администрациясынын колдоосунда чет элдик уюмдар аркылуу ишке ашырылмакчы.