Бүгүн, 12-июлда Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөгөн Патрулдук милиция менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик жаралган видео коомчулукка тарады. Анда эч себепсиз токтоттуң деген айдоочу Патрулдук милиция кызматкерин видеого тартып алган. Кызматкер унаанын маңдайкы айнеги алыстан кир болуп, караңгылатылган айнекке окшоп көрүнгөндөн улам токтоткондугун түшүндүргөн. Ал эми тасмага тартып жаткан айдоочунун "эмнеге мени коркутуп жатасыз?" деп кызматкерге айтканы бар.
Ага чейин милиция кызматкери менен айдоочунун ортосунда болгон чырдашуу айдоочунун тарткан видеотасмасына түшпөй калган. Азырынча чырдашкан Патрулдук милиция кызматкери кайда, кайсы бөлүмдө иштей турганы белгисиз.