Эмил Каптагаев: “2010-жылы Атамбаевсиз "Мегакомдун" ишин кароо мүмкүн эмес болчу”

Тектеш кабарлар: Текебаевдин соттук иши (218 материал)

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Сотто 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаев да көрсөтмө берди.

“Убактылуу өкмөттү түзүү боюнча декрет 7-апрель күнү “Форум” ишканасында түнкү саат 11:00 чамасында кабыл алынган. Убактылуу өкмөт ошол күнү Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ыйгарым укуктарын моюнга алуу боюнча чечим кабыл алганбыз. Түзүлүп калган кырдаал боюнча милдеттер бөлүнгөн. Негизги маселе мындан ары өлкө кайсы нукта кетет деген тема болгон. 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтуу боюнча сунуштар да болду. Бирок бул мүмкүн болбогондуктан өткөөл мезгил жарыялап, 3 айда Конституциялык референдум, 6 айда Жогорку Кеңешти шайлап өлкөгө мыйзамдуу бийлик түзүүнү макулдашканбыз. Ошол учурда Текебаев өзү "Конституциялык кеңешмени мен жетектейин, мага башка иш жүктөбөгүлө" деп айтып чыкты. Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү өз алдынча өз функцияларынан башка иштерди чече алмак эмес. Экономикалык бөлүктү бүт Алмазбек Атамбаев жетектеген.

13-майда саат 08:00дө жыйын болду. Ош, Жалал-Абад, Баткенде бакиевчилер акимчиликтерди басып алышы мүмкүн деген маалымат келди. Ошол күнү Баткен облусуна Айжигит Султановду губернатор кылып дайындадык. Саат 14:00дө чукул жыйынга чогулганбыз. Ал жерде Исмаил Исаковго ыйгарым укуктарды берип 2 миллион долларды абалды жөнгө салууга бөлүүнү караганбыз. Акчаны жумшоо, Исаковдун ыйгарым укуктары боюнча маселени талкуулаганбыз. Ошол күнү Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиевдер революцияга каршы иштерди уюштурган экен. Кечинде саат 18:00дөр чамасында Исаков, Чотонов, Абдылдаевдер тик учак менен Ошко чыгып кетти. 14-майда Жалал-Абадда да абал оор болуп Жалал-Абад үчүн Текебаев, Асанов, Бекназаровдор жооптуу болуп дайындалган. Биз ошол күнү дагы эки декрет бекиткенбиз, Текебаев ал жыйындарга катышкан жана бүт документтерге кол койгон. Жактоочулар Убактылуу өкмөттүн тушунда "Альфа Телеком" маселеси боюнча жүргүзүлгөн иштерге кызыгышты. “Альфа Телеком" боюнча 7-8-май күндөрү Байтемир Ибраев менен Бекназаров 49 пайыз акциясы өкмөткө өтүп 51 пайызы эмне себептен өтпөй турганы боюнча түшүндүрмө берген. Акырында 20-майда чечим кабыл алынган. Бул жерде акционерлердин жыйынын кезексиз чогултууга аракет болду. Акцияларга арест коюлду. Экономикалык бардык маселелер Атамбаев аркылуу чечилчү. 20-майдан кийин биз "Мегаком" маселесине кайткан эмеспиз.

Жактоочулар күбө Модин көрсөткөн бөлмө туурасында сурашты. “Модин биринчи эле туура эмес кетти. Ал өкмөт үйүнө башкы эшиктен кирдик деп көргөздү. 2010-жылдын апрель, май айларында күндө митингдер болуп, башкы эшикти таптакыр жаптырып салганбыз. Модин көргөзгөн бөлмө Атамбаевдин кабинети, аны Текебаевдин бөлмөсүнө адаштырып алуу такыр мүмкүн эмес. Атамбаевсиз "Альфа Телекомдун" ишин кароо мүмкүн эмес болчу", - деди Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Uragan07
2017-07-13 13:43:18
Каптагаев эркекче сүйлөптүр. Жалган көрсөтмө бергендер, жалган күбө болгондорду акыретте көрөбүз. Аллах бар.
+7
toktor89
2017-07-13 14:54:55
Uragan07, да.. кошулам100%
+2
taku1414
2017-07-13 16:22:05
Азамат Каптагаев!
+2
didu
2017-07-13 17:09:16
эркекче суйлоптур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан