super.kg logo

Талкуу жараткан видеодогу Патрулдук милиция кызматкери окуянын себебин айтып берди

 

Эки күндөн бери коомчулукта кызуу талкуу жараткан видеодогу кызматкер Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясында иштей турганы маалым болду. Ал кызматкер видеону тарткан айдоочуну эмне себептен токтотконун SUPER.KG порталына айтып берди.

"10-июлда эртең менен Тынчтык жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын аймактагы "Манас" кинотеатрынын маңдайында жол кыймылын көзөмөлдөп тургам. Түштүктөн түндүктү көздөй келаткан кара түстөгү BMW-X-6 унаасын тосуп токтоттум. Себеби анын маңдайкы айнеги алыстан келатканда караңгылатылгандай көрүндү. Анын жанына барып, өзүмдү тааныштырып, "мага унаанын айнектери кир болгондон, алыстан караңгылатылгандай көрүндү. Кете берсеңиз болот" дедим. Ал кеткиси келбей менин бетиме жакын сөөмөйүн кезеп, "мени токтотконуңдун себебин айт, болбосо кечирим сура" дей баштады. Мен "эмнеге кечирим сурайм, шектүү көрүнгөн унааларды токтотууга акым бар" деп, өзүмдүн кызматтык унаам турган жакка басып кеттим.

Ал артымдан келип, менин унаамдын капотуна документтерин таштап, "артымдан мага өзүң алып барып бересиң" деп кетип баратты. Мен анын документтерин берейин деп келатканда, телефонунун камерасына тартып баштады. Калганын айтпасам да, окурмандарга түшүнүктүү болсо керек. Себеби менин эмне дегендеримдин баары жарыяланган видеодо бар", - деди Патрулдук милициянын кызматкери Жыргал Саяков.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-июлда Патрулдук милиция кызматкери менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик жаралган видео коомчулукка тарап, окурмандар кызуу талкууга алышкан. Видеого тартып жаткан айдоочунун "эмнеге мени коркутуп жатасыз?" деп айтканы жана кызматкердин "унаанын айнектери караңгы көрүнгөндүктөн токтоттум" дегени жазылган. Бирок чырдын башы эмнеден башталганы айдоочунун тарткан видеосуна түшпөй калган. Патрулдук милиция кызматкери кайда, кайсы бөлүмдө иштей турганы белгисиз болуп жаткан эле.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
13.07.2017. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 15:21
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туура кылат/Х5 минген адамдар айтпаса деле белгилуу да
13.07.2017. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1243
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
Muslim_KGstana.,Х6 десен
13.07.2017. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Х-6 минген киши аял окшойт. Эркек адам туура тушуно билет да.
13.07.2017. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1243
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+27
Gena1,Эркектин деле "катындары" бар
13.07.2017. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 01:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизнесмен катын экен ээ
13.07.2017. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1035
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:05
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кээ бир адамдар ушундай кымбат баалуу автоунаа минип озун башкача сезип асманда учуп журушот акчасы коптор гопкондор алардын желин чыгарыш керек
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2017-07-13 17:09:37
13.07.2017. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Alixan-Nookat.2015, Jelin Allah chygarsyn andai adamdardyn
13.07.2017. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
01-04-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+13
ушул МАИ жакты кудай тообо
13.07.2017. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:12
Жынысы:
Белгисиз
+22
Милиционер жакшы адам екен. Тиги тартканды деле тушунуп койгула шашып жатып куйосунун кийимдерин кийип алыптыр
13.07.2017. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
335
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
-7
Актанып жаткан чыгаар.
13.07.2017. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
29-10-2018 21:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+4
Адамдарда кыйын боло баштады бизнесмен болсо эмне экен закондо бар бекен бизнесменди токтотушка мумкун эмес деп
13.07.2017. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
464
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биринчи жолу гаини колдогон комент-ди окуп жатам, мен дагы аларга кошулам. Инспектордуку тура.
13.07.2017. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
592
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+11
Шектуу корунгон унааны эреже бузбасада токтотконго укуктуу, туура кылат.
13.07.2017. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 13:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arlenchik, tuura aitasyz ,sizdin sozgo koshulam
13.07.2017. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
22-07-2012
Соӊку аракети:
26-09-2018 21:28
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сотрудник эмес эле артист экен. Кочодон тутуп келип коюп койгон. Бизнесменби жонокойбу, Эл менен мамилени туура мыйзам турундо суйлошуш керек. Цирк и Клоун
14.07.2017. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
11-10-2018 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+1
Жакшы кызматкер экен, бизде көлдө себеби жок эле токтото берет. Кээ бир ГАИшниктер өздөрүн Кудай сезишет. Текеберчилик кылышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: