Кубатбек Боронов: “Боинг кырсыгынан жабыркагандарга берилчү компенсацияны Түрк тарап жакынкы күндөрү которот”

Бүгүн, 17-июлда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат.

Боинг кырсыгынан жабыркагандарга бериле турган компенсацияны Түрк тарап жакынкы күндөрү которот. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов журналисттерге билдирди.

Ал канча каражат которула турганын так айткан жок. Анын айтымында, бөлүнө турган каражат эки жакты тең канааттандырат. Ал эми Кыргыз жарандары тарабынан жардам катары берилген каражаттар толугу менен бөлүнүп берилгенин билдирди. Министр август айына чейин компенсация маселеси толугу чечиле турганын кошумчалады. Ошондой эле айрым жабырлануучулар батир алганын айтып, канча адам экенин так айта алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан