реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КИМГЕ ДОБУШ БЕРЕСИЗ? (Добуш берүү токтотулган)

(11-сентябрь - 24-сентябрь, 2017-жыл)


БАБАНОВ Өмүрбек
35,2% (910)
МАДУМАРОВ Адахан
24,4% (630)
ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай
14,5% (374)
ТӨРӨБАЕВ Бакыт
9% (232)
КОЧКОРОВ Улукбек
7% (181)
САРИЕВ Темир
5,1% (131)
Баарына каршы
2% (51)
ТАШИЕВ Камчыбек
0,9% (23)
МАЛИЕВ Арсланбек
0,6% (15)
МАСАДЫКОВ Таалатбек
0,4% (10)
ЗАРЛЫКОВ Эрнис
0,3% (9)
АБДЫЛДАЕВ Арстанбек
0,2% (6)
ҮМӨТАЛИЕВА Токтайым
0,2% (6)
БЕКНАЗАРОВ Азимбек
0,2% (5)

Жалпы добуш (2583)


Тышкы иштер министрлиги Кыргыз бийлигин чехиялык компания менен кызматташпоого чакырганы тууралуу документ жарыяланды

 

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз бийлигин чехиялык компания менен кызматташпоого чакырганы белгилүү болду. Маалыматты 24.кг агенттиги жарыялады.

Маалым болгондой, Улуттук энергохолдинг чехиялык компания тууралуу маалымат алуу үчүн тийиштүү мекемелерге кат жолдогон. Ага берген жообунда Австрия жана Чехиядагы Кыргыз элчилиги жана ТИМ "Liglass Trading CZ" компаниясы менен келишим түзбөөгө чакырган. "Өтө маанилүү" деп белгиленген документке тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов 2017-жылдын 10-мартында кол койгон.

Бул боюнча Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитет эртең, 18-июлда чехиялык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң расмий маалымат бере турганы маалым болду.

Зилалиев Азаттыкка Чехиялык компания тууралуу "булар 30 жумушчу күндүн ичинде Орусияга болгон 37 миллион карызыбызды жабышы керек. Азырынча бир бүтүм чыгарууга эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер алар милдетти аткарбаса, 30 жумушчу күндөн соң макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарып, башка тендер өткөрөбүз, - деп билдирди.

Айта кетсек, чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы Кыргыз жерине Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алып, Кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн эле. Ага ылайык Жогоку Нарын ГЭС каскадына 2 ГЭС жана өлкөдөгү башка суу сактагычтарга 10 чакан ГЭС курулмак. Алардын ичинен "Орто-Токой-1", "Орто-Токой-2", "Папан", "Чоң-Аксуу", "Кара-Суу сол тарап-1", "Кара-Суу сол тарап-2" 2019-жылдын 30-декабрына чейин, ал эми "Сандык-1", "Сандык-2", жана "Сандык-3" чакан ГЭС 2020-жылдын аягында курулуп бүтөрү айтылган.

Жогорудагы келишимге кол коюу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана аталган компаниянын директору Михаил Смелик катышкан.

Андан соң Чехиядагы басылмалар ГЭС кура турган чех компаниясынын таржымалын жарыялашкан. Макалаларда "Liglass Trading CZ" компаниясынын 2014-жылкы чыгашасы кирешесинен ашып түшкөнүн, калган жылдар боюнча каржылык маалыматтары белгисиз экени баса белгиленет.


кошулду


 
 
 Тектеш кабарлар 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(5)
17.07.2017. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2017 00:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
-2
Ушинтип инвесторлорду качырасынар озунордун крлунардан ХХХ келбейт
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-18 09:06:59
18.07.2017. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
24-08-2017 15:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+3
Атамбаев фафылдап мактанып атты элего(кыргызстан бизнестин бейиши)деп. Бейиши эмес эле маскарапоздордун алдамчылардын афиристердин мекенине айланганы калды. Оозунан коптургончолук алына жараша иш кылса. Мына дагы бир жолу дуйно жузуно уят болуп отурабыз кыраакы биликтин арты менен. Ар бир иштерине эмне конул койуп текшерип тактыкты жургузушпойбу деймда,эртен билинип калсак эмне болот элжурт билсе эмне болот деп ойлонушпайбы деймда...
18.07.2017. 00:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
24-08-2017 15:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+3
Арбир кылган, баштаган иштеринен былтыйып былыктары чыгат,эч бир так пайдасы бар жумуштарды кыла алышпады.. суйлошсо тим эле ойду тоону омкоруп ...буга да бакиев акаев куноолу..
18.07.2017. 02:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
01-02-2014
Соӊку аракети:
24-09-2017 14:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Тили мн кыйратып алтындарым деп колунан ХХХ келбейт атамбаевтин
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-18 09:04:21
18.07.2017. 08:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
23-09-2017 09:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевде бет жок экен уялып койбойт оздору баш болуп мыйзамды сыйлашпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
94509;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,042838096618652