Бүгүн, 18-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишине келген саясатчы Темир Сариевди Текебаев менен учураштырбай коюшту.
Темир Сариев бүгүнкү сотто 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары көрсөтмө берүүгө келген. Айта кетсек, мындан мурунку отурумдарда да Текебаев менен экс-президент Роза Отунбаеванын учурашуусуна жоокерлер тоскоолдук кылышкан.
Күбөлүктөн өтүү үчүн УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Эсептөө палатасынын мурунку жетекчиси Эльмира Ибраимова да келишти.