Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча соттук отурумда Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсү көрсөтмө беришкен соң Текебаев сотко кайрылды:
"Бүгүн сотко Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсү келип, күбө катары өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн берип кетишти. Көрсөтмө бере элек Алмазбек Атамбаев менен Иса Өмүркулов гана калды. Модин тергөөчүлөр менен барган маалында акчаны алып кирген иш бөлмөнү көрсөтүп берди. Буга чейинки күбөлөрдүн көпчүлүгү Модин акча алып кирген иш бөлмө Атамбаевге таандык болгон деп айтышты. Ошондуктан президент Атамбаевди сотко чакырыңыз. Күбө катары биздин суроолорубузга жооп берсин".
Президент Алмазбек Атамбаевди сотко чакыртууга мамлекеттик айыптоочулар каршы чыгып, сот Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчүн четке какты.
Соттук отурум жыйынтыкталды, эртең, 19-июлда саат 9:30да улантылат.