Ысык-Көл районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 20-июль күнү саат 15:12 чамасында келип түшкөн.
"Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында Ситроен Пикассо үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1949-жылы туулган П.Н.Д. уктап кетип бакты сүзгөн. Куткаруучулар аталган жерге барышып, айдоочунун жансыз денесин "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.