Бүгүн, 21-июль күнү саат 19:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Омандын курамасы менен беттеш өткөрөт. Ал эми Иран менен Оман 23-июлда беттешет.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз курамасы жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Ирандын футболчулары менен бет келип, 1-2 эсебинде жеңилүүгө дуушар болушкан.