Австралияда карылык менен оорудан азап тарткан бегемотту түбөлүккө "уктатышты"

Австралиянын Аделаида зоопаркынын мал доктурлары 49 жыл жашаган эң картаң бегемотту түбөлүккө "уктатууга" аргасыз болушту. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Ага ылайык, бегемот карылыктан жана бир нече оорудан жабыркап жаткан.

"Бегемоттун абалы акыркы аптада өтө начарлап кетти. Адистер анын саламаттыгы кайра жакшырбай тургандыгына көзү жетип, оорудан азап чегип жаткан жаныбардын жанын тынч алдырууну туура көрүштү", - деп жазылат маалыматта.

Сьюзи аттуу бул бегемот 1967-жылы Таронга зоопаркында туулуп, 1975-жылы Аделаида зоопаркына алынып келинген. Сьюзи өмүрүнүн узактыгы боюнча бегемоттор арасында 2-орунда турат. Буга чейин Берта аттуу бегемот 65 жыл жашап, ушул жылдын 10-июль күнү өлгөн.

Жергиликтүү мал доктур Дэвид Маклелланд бегемоттордун өмүр жашы үчүн 49 жыл узак деп саналарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AzKumFerDan
2017-07-22 22:37:06
КОш!!!Сьюзи.
+2
alisherchik
2017-07-23 02:15:06
Каарылыктан болуп жүрбөсүн???
-2
alisherchik
2017-07-23 02:15:45
Каарылыктан болуп жүрбөсүн
-3
karasuu
2017-07-23 02:38:42
Жакшыбы жаманбы билбейм, кантседа эркиндик жакшы болсо керек?!
+7
Pandora
2017-07-23 03:16:23
Байкуш жаныбар дуйного келгенден баштап кеткенче клетканын ичинде омуру отуптур да...
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан