Бишкекте түрк фильмдеринин жумалыгы өтүүдө (фото)

Бишкекте түрк фильмдеринин жумалыгы башталды. Анын расмий ачылыш аземи кечээ, 22-июлда өтүп, ага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Түркиянын Кыргыздагы элчиси Метин Кылыч, Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу жана башка бир катар белгилүү түрк жана кыргыз режиссёрлору, маданият өкүлдөрү катышты. Уюштуруучулар иш-чаранын максатын түрк кинолорун элге тартуулоо гана эмес, эки өлкөнүн режиссёрлорунун бири-бири менен тажрыйба алмашуусу экенин айтышты.

Көрүүчүлөргө тартуулануучу фильмдердин арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде 1978-жылы түрктөр тарабынан тартылган "Selvi boylum al yazmalım" ("Кызыл жоолук жалжалым") бар. Белгилей кетсек, тасмаларга кирүү акысыз болуп, кинолор 25-июлга чейин көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zavi95
2017-07-23 11:36:27
Кинолор каякта корсотулот
+1
Farm94
2017-07-23 14:09:40
Кайсыл театрда
+1
AzKumFerDan
2017-07-24 18:56:14
Хюрем айым келгенде сонун болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан