Америкалык ырчы Майкл Жексондун Бабблз аттуу шимпанзеси тарткан сүрөттөр Майамиде өткөн кайрымдуулук аукционунда сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аукционго жалпысынан шимпанзенин калемине таандык 50 сүрөт коюлуп, 400 доллардан 2 миң долларга чейин сатылган. Уюштуруучулардын айтымында, аукциондун биринчи саатында эле 10дон ашуун сүрөт сатылып кеткен.
Майкл Жексон Бабблзды 1983-жылы сатып алган. Аны кайда барбасын, жадакалса гастролго чыкканда да жанында ээрчитип жүргөн.