Бүгүн, 25-июлда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Швейцария элчилигинин колдоосу менен “Энесин көрүп кыз өсөт” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачарын өткөрдү. Анын негизги максаты – коомдогу таланттуу айымдарды колдоо жана алардын өнөрүн келечек муунга өткөрүп берүү болуп саналат. Ачылыштын алкагында чебер айымдардын колунан чыккан кыргыздын улуттук шырдактары, кийимдери, чийден жасалган картиналар элдин назарына тартууланып, коомдогу белгилүү дизайнерлердин кийимдеринин көргөзмөсү орун алды. Ага экс-президент жана аталган фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаева катышып, көргөзмөгө келген тургундардын баары менен сүрөткө түшүүгө аракет жасады.
Белгилей кетсек, көргөзмө Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде орун алып, 12-августка чейин уланмакчы.