Өмүрбек Текебаев мамлекеттик жактоочудан баш тартты

Тектеш кабарлар: Текебаевдин соттук иши (218 материал)

Бүгүн, 26-июлда Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов жүрөк оорусу козголуп, ооруканага түшкөнүн билдирген маалыматты сотко жиберген. Андан сырткары ал ден соолугуна байланыштуу отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирген.

Мамлекеттик айыптоочулар, Текебаевдин үч жактоочусу тең дарыланып жатканын айтышып, алардын ордуна мамлекеттик жактоочуларды киргизип, ишти кароону сурашты. Сот Текебаевди мамлекеттик жактоочу менен камсыз кылуу өтүнүчүн канааттандырды.

Бирок айыпталып жаткан Текебаев башка жактоочу табарын айтып, мамлекеттик жактоочудан баш тартты.

Мен бул жактоочудан баш тартам. Мен өзүм башка жактоочу табам. Сиз азыр менин пикиримди сураган жоксуз”, - деди Текебаев.

Сот жактоочу табуу же андан баш тартуу Текебаевдин укугу экенин айтып, отурум эртең, 27-июлда уланарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kubatbek.k
2017-07-26 13:20:46
azimbek beknazarov bolobu bratan.
+2
taalay25
2017-07-26 18:36:42
Бекназаров Текебаевге иштебесе керек)
0
Snejana
2017-07-26 20:35:44
Эмне эле Текебаевди кордоп атышат. Ушул саясатчыны аябай сыйлап калдым, мен президент кылып шайлап алгамын. Айыл окмот журот "СДПКны колдогула" жалдырап паспорт сурап, мен шайлабайм" десем, мейли шайлабасан деле катталып койчу, бизди кыйнап атат"деп. Хе хе.... вот "акмакчылык"
+2
Asan123
2017-07-27 01:18:54
ХХХ Сооронбай президент болуп калса элди кул кылат
+2
admin_superstan
2017-07-27 09:51:28
Asan123, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан