Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркап, 1 адам көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош ОИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Айбек Бечелов билдирди. Анын айтуусуна караганда, окуя 26-июль күнү саат 14:00 чамасында болгон.
"Кара-Суу районунун Шарк айылында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жүк ташыган унаа бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада жол кырсыгына кабылган 7 адам ооруканага жеткирилген. Кийин жандандыруу бөлүмүндө жеңил унаанын жүргүнчүсү 20 жаштагы Ноокат районунун тургуну алган жаракатынан улам көз жумган", - дейт Айбек Бечелов.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен.