Өмүрбек Текебаев сот сунуштаган жактоочу менен бирге ишти карап чыгууга макул болду

Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Эртең менен сот залынан чыгарылган айыпталуучулар кайра киргизилди.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев: "Мен эртең менен силер сунуштаган жактоочуга каршы болгом. Ага карабай эле кайрадан отургузуп коюптурсуңар. Ал айтып жатат "кечээ түнкү саат 11ге чейин отуруп 8 томдук иш менен тааныштым" деп. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин ким буга материалдарды берди? Силер эмне түнү менен окуп чыгып, эртерээк соттогонго шашып жатасыңарбы?" - деди.

Ал эми сот тарабынан дайындалган жактоочу Эльмира Чоноева "мени токтом чыгарып жактоочу кылып дайындаган соң сотко катышууга укугум бар. Ушул жерде отурам, кетпейм" деди.

Дүйшөнкул Чотонов болсо: "Эгерде биздин өтүнүчтөрдү укпай эле соттук ишти уланта берсеңиз, мен сизге ишенбейм. Сотту бизсиз эле өзүңөр өткөрө бергиле. СИЗОдон чыкпай, сотко келбей коём. Каалаган чечимиңерди чыгара бергиле", - деди.

Текебаев да Чотоновдун сөзүнө кошулуп сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү. "Мени коргойм деген жактоочуңар мени менен бул жерде талашып-тартышып отурат. Ага каршы болуп өзүмдүн жактоочуларым келгиче күтө туралы десем, укпай жатасыз. Силерге кантип ишенем? Мен сотко ишенбейм. 15-жолу ишенбөөчүлүк көрсөтөм", - деди Текебаев.

Сот кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, айыпталуучулардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Андан соң Текебаев: "Мен азыр эле тыныгуу маалында силер жаңы дайындап берген жактоочу менен сүйлөштүм. Чындыгында ал иш менен толук тааныш эмес экен. Ошондуктан ишти экөөбүз биргеликте карап чыгуу үчүн убакыт бериңиз", - деди. Жактоочу Чоноева да айыпталуучуну колдой турганын айтып убакыт сурады. Төрагалык кылуучу алардын өтүнүчүнө макулдугун берип эртең, 28-июль күнү саат 9:30га чейин тыныгуу жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Akabai
2017-07-27 18:41:25
Текебаевдин эки жактоочусу тең эмнеге ооруп калды экен
+1
Komrad
2017-07-27 18:50:21
Оорубагылачы эй керектуу убакта
+2
Melis2014
2017-07-27 18:54:26
Теке еми багууга кир кышында семирип чыгасын
+2
nurbekasr
2017-07-27 19:22:28
Ылайым бийликтин соту жеңилип,Текебаев акталып чыксын.Жалданма күн карама соттор экениңер билинип жатат элге,анан эле эмнеге өжөрлөнүп далили жок соттойбуз деп жан талашып жатасыңар.
+1
didu
2017-07-28 07:09:59
Адилеттуу сот кыяматта суракта болот. ошондо кантип жооп бериштинда сценарийин дайардап койгула
0
isabek1977
2017-07-28 07:10:44
Теке суудан кургак чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан