Бүгүн, 27-июль күнү Футбол боюнча өлкө кубогунун жарым чейрек финалында бишкектик "Дордой" өз үйүндө "Кара-Балта" командасын кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңди. Беттеш кызуу өтүп 120-мүнөткө чейин созулду.
Оюндун негизги убакытында эки команда тең гол киргизе алган жок. Оюндун 102-мүнөтүндө "Дордойдун" чабуулчусу Алишер Азизов эсепти ачты. Кайрат Жыргалбек уулу 118-мүнөттө гол киргизип, оюнга чекит койду. Бул жыйынтык менен "Дордой" футболдук клубу жарым финалга өтүп "Абдыш-Ата" менен беттешет.
Эске салсак, 26-июлда жарым финалга "Нефтчи" менен "Абдыш-Ата" өткөн.