super.kg logo

ТЕСТ: Ийгиликтүү президенттердин артында кандай аялдар турат? Биринчи айымдар тууралуу билип алыңыз

 

Бүгүн, 28-июль АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин жубайы Жаклин Кеннединин туулган күнү. Ал АКШнын дегеле дүйнө өлкөлөрүндөгү президенттердин аялдарынын арасында "Биринчи айым" деген түшүнүктүн киришине түрткү болгон аял катары таанымал. Анын кийинүү стили, баскан-турганы, өзүн алып жүрүүсү, жолдошуна болгон мамилеси, коомдогу орду президенттердин аялдары ушундай болуш керек деген эталонду түзүүгө себеп болгон дешет. Бардык эле биринчи айымдардай Жаклин Кеннеди дагы көңүл борборунда болгон. Ал деле журналисттерге интервью берген, фотографтарга сүрөткө түшкөн, бирок ар дайым чектен чыкпай орундуу жана жетиштүү маалыматтарды берип, бардык нерсенин чегин билген. Ак Үйдүн көк, бозомук түсүн алмаштырып, интерьерин жакшырткандан тартып, заманындагы аялдардын модага болгон көз карашынын өзгөрүүсүнө чейин таасирин берген Жаклин мода эталону аталып калган.

Жаклин Кеннеди киргизген "Биринчи айым" түшүнүгүнөн кийинки, дүйнөдөгү айрым биринчи айымдар тууралуу тесттен өтүп билиңиз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Сүрөттөгү айымды тааныйсызбы?

Меланья Трамп биринчи айымдардын арасында эң сексуалдуу делгендердин катарына кирет. Дональд Трамптын жубайы жана Ак Үйдүн учурдагы кожойкеси буга чейин моделдик карьерасы менен активдүү эле алектенип койгон. Андыктан интернет желесинде анын ачык-чачык сүрөттөрүн кыйналбай эле таап алууга болот.

Кийинки суроо


АКШнын учурдагы айымы Меланья Трамп.
Франциянын биринчи айымы Карла Бруни.
Мексиканын биринчи айымы Анхелика Ривера.
Иорданиянын биринчи айымы Рания Аль-Абдулла.

Күйөөсүнүн жолун жолдоп президенттикке ат салышкан айым ким?

АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон башынан эле саясатка аралашып, бул жаатта бир топ тажрыйбасы бар. Ал 2016-жылы АКШнын президенттигине Демократтар партиясынын атынан ат салышып, жыйынтыгында Республикачыл Дональд Трампка жеңилип калды.

Кийинки суроо


Барбара Буш
Элизабет Энн Форд
Меланья Трамп
Хиллари Клинтон

Жолдошун өзүнүн көзүнчө башка атып кеткен АКШнын биринчи айымдарынын биринин ысымын табыңыз...

1963-жылы 22-ноябрда АКШнын 35-президенти Жон Кеннедини президенттик кортежде жубайы Жаклин Кеннеди менен баратканда башка атып кетишкен. Ал күнү Жаклин күлгүн кызыл костюмчан экени, ага жолдошун атканда чачыраган кан көргөндөрдүн көз алдында калганы маалымат булактарда жазылат. Жаклин Кеннедини ооруканага жеткирилген жолдошуна киргизбей жатышканда "Мага анын каны чачырады. Ушул көрүнүштү көргөндөн кийин ага жасалган операциядан коркуп калмак белем?" - дегени бар.

Кийинки суроо


Пэт Никсон
Розалин Картер
Жаклин Кеннеди
Бесс Трумэн

Кыргыздын тунгуч президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын китеби эмне деп аталат?

Майрам Акаева 2003-жылы "Үмүттүн шооласы үзүлбөйт" аталышындагы китеп жазган. Анын ичине өзүнүн мемуары камтылган.

Кийинки суроо


"Үмүттүн шооласы үзүлбөйт"
"Эркиндиктин ак таңы"
"Өчпөс жарык"
"Мээрим"

Өзүнөн 25 жаш кичүү окуучусуна баш кошкон, Франциянын учурдагы биринчи айымы Брижит Макрон президентке мектептен кайсы предметтен сабак берген?

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Брижит Макрон менен 2007-жылы баш кошкон. Брижит Троньё президент мектепте окуп жүргөндө француз жана латын тили боюнча мугалими болгон. Ал Макрондон 25 жаш улуу. Мугалимин ал өзү окуучу кезинде эле жактырып калганы айтылып жүрөт. Брижиттин мурдагы никесинен 3 баласы бар.

Кийинки суроо


Химия
Латын жана француз тилдери
Биология, зоология.
Социалдык психологу болгон.

Күйөөсү президент болгонго чейин бир да жерде жүзү көрүнбөгөн, сүрөтү чыкпаган, ал тургай социалдык тармактарда да баракчасы жок болгон биринчи айым кайсы өлкөнүкү болду?

Өзбекстандын 2-президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова буга чейин бир да жерде сүрөтү чыккан эмес. Журналисттер анын кыздарынын интернеттеги баракчаларын карап чыгышып дагы апасынын сүрөтүн таппай коюшканы жазылат маалымат булактарда. 2016-жылы тунгуч президенттен кийин такка отурган Мирзиёевдин үй-бүлөлүк сүрөтү жарыяланганда, коомдо кызуу талкуу болгон.

Кийинки суроо


Иорданиянын биринчи айымы Рания аль-Абдулла.
Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Раиса Атамбаева.
АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама.
Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова.

"Араб дүйнөсүндөгү светтик жашоонун эталону" аталган биринчи айым кайсы өлкөнүн президентинин жубайы?

Сириянын биринчи айымы Асма Асадды гумандуу айым катары баалашат. Орусиянын ЖМКларынын бирине берген маегинде ал "Мен коркуп жашоодон баш тартам. Бүгүнкү күндө сирия эли кооптуу абалда турат. Менин алардан эмне артыкчылыгым бар? Анан эң башкысы мен кантип элди өз жашоосу менен жашай берүүгө, бейкапар жумушка барууга, балдарды коркпой мектепке алып барууга үндөйм, эгерде мындай нерселерди өзүм кылып көрбөсөм..?" - дегени бар.

Кийинки суроо


Сириянын биринчи айымы Асма Асад.
Ирактын биринчи айымы Жаляля Талабани.
Кипрдин биринчи айымы Андри Анастасиадис.
Ирандын биринчи айымы Азам аль-Садат Фарахи.

Мамлекетке башчылык кылган күйөөсүнөн кийинки орунду ээлеп турган биринчи айым катары таанылган ким жана кайсы мамлекеттин биринчи айымы?

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны быйылкы 2017-жылдын февраль айында өлкөнүн вице-президенти кызматына дайындады. 2016-жылдын сентябрь айында бул өлкөдө Конституцияга өзгөртүү киргизилген. Жаңы Конституцияда президенттин мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин узартылып, биринчи вице-президент деген мамлекеттик кызмат уюштурулган. Конституцияга киргизилген өзгөртүүдө, эгерде президент тактан кетсе, мамлекет башчынын кызматы толугу менен вице-президентке өткөрүлөт.

Кийинки суроо


Камерундун биринчи айымы Шанталь Бийя.
Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева.
Грузиянын мурдагы биринчи айымы Сандра Рулофс.
Эмине Эрдоган, Түркиянын биринчи айымы.

Бразилиянын президенти Мишел Темердин жубайы Марсела Тедески күйөөсүнөн канча жашка кичүү экенин билесизби?

Бразилиянын учурдагы президенти, 77 жаштагы Мишел Темердин жубайы Марсела Тедески жолдошунан 42 жашка кичүү. 2016-жылдын 31-августунда баш кошушкандан бери, бразилиялыктар биринчи айымын анча жактыра беришпейт. Анткени анын кийингени, тагынган зер буюмдары абдан кымбат болгондуктан, башчыбызга эркелеп мунун баарына каражатты мамлекеттин бюджетинен коротот деген пикирде келишет.

Кийинки суроо


20
12
5
42

Франциянын 23-президенти Николя Саркозинин аялы Карла Брунини биринчи айымдан тышкары ким деп таанышат?

Карла Бруни 2008-жылдын 2-февралында Франциянын 23-президенти Николя Саркозинин 3-жубайы болуп никеге турган. Ал президентке турмушка чыкканга чейин композитор, аткаруучу-ырчы, фотомодель жана актриса катары таанылган. Ал ырчы катары биринчи айым учурунда да ыр жыйнагын 500 миң нуска менен чыгарган.

Кийинки суроо


Көркөм гимнаст катары таанылган.
Модельер катары таанылган, "Брунни" кийимдер топтомунун автору.
Актриса, фотомодель, ырчы жана композитор.
Кайрымдуулук иштери менен алектенген мээрман айым катары таанымал.

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(34)
28.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
60 балл
28.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-02-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Sant'yago Bernabeu
0
Жакшыле билеткенмин, 8/2 80 балл дейт го
28.07.2017. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
420
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
25-09-2017 18:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
realliver,30.балл 7 ката,3 туура.
28.07.2017. 20:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
22-10-2016
Соӊку аракети:
15-08-2017 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
90 ураа
28.07.2017. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
06-04-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
60 балл
28.07.2017. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
20 балл))
28.07.2017. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
11-08-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
30 бал
28.07.2017. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 00:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
50 болду)
28.07.2017. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
259
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
22-09-2018 12:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
-1
60 берди 2оосу окуйлектеле басылып калды))
28.07.2017. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
597
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 07:15
Жынысы:
Белгисиз
0
50
28.07.2017. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аран эле 50 балл.
28.07.2017. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2261
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 09:08
Жынысы:
Белгисиз
0
50
28.07.2017. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
504
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 05:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+1
60 балл
29.07.2017. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
09-04-2018 18:54
Жынысы:
Белгисиз
+2
80 балл
29.07.2017. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 00:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
0 ball
29.07.2017. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
02-03-2018 12:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета Земля
+1
80 балл
29.07.2017. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-10-2015
Соӊку аракети:
14-06-2018 08:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эптеп 40 балл
29.07.2017. 01:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:10
Жынысы:
Белгисиз
0
advokat.nur, жакшы сиз эптеп 40 мен 30 бал алдым
29.07.2017. 02:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
15-08-2013
Соӊку аракети:
10-07-2018 16:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Швецария Цюрих
+2
70 бал )))))
29.07.2017. 02:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
02-06-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 23:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жайлоо!
+3
70балл.түзүк эле окшойт баш)))
29.07.2017. 05:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
27-03-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
0
40 балл
29.07.2017. 07:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
22-09-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
0
50
29.07.2017. 07:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
мен 10 дон 5 өөнү туура таптым,канча балл болот
29.07.2017. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
15-04-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 10:17
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgizk,50 балл болот. Мен дагы 50 балл таптым 5и туура
29.07.2017. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
17-06-2012
Соӊку аракети:
11-02-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
90 балл... 5 катта 9 туурв
29.07.2017. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
02-06-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 23:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жайлоо!
+2
nurkojo,ушул жерде уктаттың го,өзү 10суроо болсо)))
29.07.2017. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
28-02-2018 22:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад (Кыргызстан)
0
40
29.07.2017. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
11-08-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 08:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу Кок-Арт ороону.
0
40
29.07.2017. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
13-09-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
70 балл 3 ката.
29.07.2017. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:05
Жынысы:
Белгисиз
0
40 балл
29.07.2017. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1214
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 08:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
0
90 балл.
Бир ката Мирзиеёвдин аялын басам дегенче оз озунон биринчи суротко басылып кетти го?
29.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-07-2012
Соӊку аракети:
02-12-2017 13:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында биздеда шайлоо болсо женелердида карап коройлубу?
30.07.2017. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
06-09-2018 19:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖАШАСЫН
0
1-2-7 Тура жооп болду калганы баары эле туура эмес))
25.11.2017. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 09:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
2 эле суроого туура жооп бердим ((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: