Кыргыз спортчулары эр эңиш боюнча эл аралык мелдешке катышат

Казакстандын Астана шаарында эр эңиш боюнча "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө арналып өтө турган Ачык эл аралык турнирге Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган турнир Астананын "Казанат" ат майданында 16-18-август аралыгында өтөт. Турнирде ийгиликке жетиш үчүн Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 28-июль-14-август аралыгында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат.

Кыргыз өлкөсүнүн эр эңиш боюнча курама командасы:

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Калыбек Бузурманкул уулу;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Маратбек Алтымышов;

90 килограммдан жогору салмак ченинде: Кумушбек Кыдыралиев;

Башкы машыктыруучу: Нияз Курманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан