super.kg logo

ЕАЭБ кыргыз экономикасына оӊ таасирин тийгизип, мигранттарыбыздын багын ачты

 

Кыргызстандын ЕАЭБдин курамына кошулганына жакында эки жыл толот. Ушул аралыкта кыргыз бийлиги, өкмөт тарабынан жасалган иштердин жыйынтыгы көрүнө баштады. ЕАЭБдин оӊ таасири экономикабызга, биримдиктеги өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибизге тийди.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган 16 миңден ашык Кыргыз жарандарын “кара тизмеден” чыгаруу пландалып жатканын маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы Орусияда “кара тизмеге” түшүп калгандардын саны 106 миңге кыскарган. "Кара тизмеге” түшүп калгандар бир нече жыл бою Орусиянын аймагына кире алышпайт. Алардын саны 180 миңге жеткен болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 118 миңге жетти. 2017-жылы алардын саны кайра 106 миңге кыскарды. Алардын көпчүлүгү мыйзам бузуулардан улам тизмеге кирип калышкан", - деди ал.

М.Айдаралиев ММК чет өлкөгө иштеп кетип жаткан жарандарга акысыз кеңештерди берип жатканын белгиледи. "Эң башкысы - жарандарыбыз алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек. Ошондо маселе болбойт. Мыйзамдуу миграцияга өткүчө "кара тизме" көйгөйү кала берет", - деди ал.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулган соң эмгек мигранттарынын абалы 10 позицияга жакшырганын айткан Медетбек Айдаралиев биздин жарандарды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ишке кабыл алуу шарттары кыйла жакшырганын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, 1-июлга карата кыргыз мигранттарынын жалпы саны 710 миң адам болсо, алардын 616 миңи – Орусияда, 30 миң – Түркияда, 33 миң - Казакстанда, 14 миң мекендешибиз Түштүк Кореяда жүрүшөт. Калган жарандарыбыз Европа жана АКШ өлкөлөрүндө окуп же иштешет. “ЕАЭБге кошулган соң жарандарыбыз 30 күндүн ичинде интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагында каттоосуз жүрө алышат. Муну менен бирге ишке кабыл алуу шарттары кыйла жакшырды. Эми ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандыктар социалдык жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Мындан тышкары ЕАЭБ аймагында жогорку билим тууралуу дипломдорубуз таанылат. Орус тили боюнча сынактан өтүүнүн зарылдыгы жок”, - деди М.Айдаралиев.

Азирет Ракаев Москвада оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу: “Орусияда кыргыз мигранттарына бѳлѳк улуттар суктанат”

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитети президент Владимир Путинге кайрылып, Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну суранган. 26-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагында өз айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа айдап, ишкерлик кылууга уруксат берүүчү мыйзамга кол койду. Муну менен кыргыз мигранттарынын дагы бир орчундуу маселеси чечилди.

Москва шаарында бир топ жылдан бери эмгектенип жүргөн мекендешибиз Азирет Ракаев кыргыз мигранттарынын абалы күн сайын жакшырып жатканына ыраазы экенин айтып, башка мамлекеттен барып иштеген мигранттар Кыргызстандын жарандарына суктанып жатканын жашырган жок. “Мен өзүм оор жүк ташуучу унаа айдап эмгектенем. Азыр кыргыз айдоочулары үчүн абдан ыӊгайлуу шарт түзүлдү. Бул үчүн мамлекеттин башында турган жетекчилерге рахматымды айтам. Учурда биздин жарандар Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен эмгектенип жатат. Бул биз үчүн абдан жакшы болду. ЕАЭБге кирген Арменияга да мындай мүмкүнчүлүк берилген жок. Армян тааныштар силердин жетекчилериӊер кыйын экен деп калат”, - дейт Азирет Ракаев.

Орусияда айдоочулук күбөлүк алуу оӊой эмес экенин айткан Азирет Ракаев ал үчүн кеминде 2 ай кезек күтүү керектигин билдирди. “Буга чейин Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүктөргө тыюу сала турганын угуп, биз да аракет кыла баштаганбыз. Айдоочулук күбөлүктүн В категориясын алуу мүмкүн болгону менен оор жүк ташуу үчүн керектеле турган С жана Д категориясын алуу азап экен. Москва шаарында, Москва облусунда болгону бир эле жерден бере турганын уктук. Ага кеминде 2 ай кезекке туруп, андан соӊ гана сынак тапшырат экенсиӊ. Андан өтүш да оӊой эмес экенин айтышты”, - дейт ал.

Ошондой эле Азирет Ракаев башка мамлекеттен барып иштеген мигранттар кыргызстандыктарга суктана турганын белгилейт. “Жаныбызда Өзбекстандан, Тажикстандан келип иштегендер бар. Алар кыргыздарга “мазза” деп суктанат. Мисалы, тажиктер менен өзбектер Орусияга келиши менен 25 миӊ рублге ишке уруксат алат. Андан сырткары ай сайын 5 миӊ рублдан патентке төлөйт, каттоого турат дегендей. Кыргызстандын жарандары болсо 1 ай жумуш таап жайланганга чейин каттоосуз жүрө алат. Жумушка документтерибизди гана алып барып беребиз. Калганын жумуш берүүчү бүтүрүп, салыктардын баарын ошолор моюнга алат. Кыскасы, кыргызстандыктар Орусия жарандары сыяктуу эле укуктарга ээ”, - дейт ал.

Өкмөттүн, бийликтин туура жүргүзгөн саясаты өз натыйжасын берүүдө. Мындай жакшы иштерди жашырбай айтып, бири-бирибизди колдоо менен ынтымактуу эмгектене берсек, биз күткөн, биз кыялданган күн да алыс эмес.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: