Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 41-орунду ээледи. Бул тууралуу рейтингди түзүү менен алектенген сайттардын бири бүгүн, 1-августта маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы 1063 упай топтоп 41-орунда жайгашкан. Тизмеде улуттук кураманын алдында 1095 упай топтогон Вьетнам курамасы турат, 1056 упай менен Грузия курамасы Кыргыз футзалчылардын артында жайгашкан. Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунда турат.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бразилия турат, алдынкы ондукта Испания, Орусия, Аргентина, Италия, Иран, Португалия, Украина, Казакстан, Азербайжан командалары жайгашкан.