Дайынсыз жоголгон "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү табылды. Ал сабалганын айтты

Дайынсыз жоголгон "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Нургазы Бакаев табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына аталган партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Жакшылык Бердибек уулу билдирди.

Анын айтымында, Бакаев кечээ, 1-августта саат 20:30дар чамасында партиянын штабында иштеген кызматкерлерге чалып, аны белгисиз адамдар сабаганын айткан. Азырынча укук коргоо органдарына арыз менен кайрыла элек экенин билдирди.

Эске салсак, 31-июлда саат 21:00 чамасында Нургазы Бакаевди белгисиз адамдар кармап кетишкен. Бул боюнча ал партиянын мүчөсү Чынара Аблакеевага бирөөлөр кармап кеткени боюнча WhatsApp'тан аудио билдирүү жөнөткөнүн айткан. Ошондон бери уюлдук телефону өчүк болуп жаткан. Басма сөз кызматкери милицияга арызды 2-августта эртең менен бере тургандарын белгилеген. Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Нургазы Бакаевдин жоголгону тууралуу маалыматы жок экенин SUPER.KG'ге билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан