“Мышык аялга” окшошууну каалап, пластикалык операциянын курмандыгы болгон 77 жаштагы швейцариялык Жослин Вильденштейн турмуш курууга камданууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, ага 50 жаштагы сүйүктүүсү Ллойд Клей үйлөнүү сунушун киргизип, учурда түгөйлөр аны өткөрүүгө даярдык көрүшүүдө. Азырынча тойдун так датасы аныктала элек.
Жослин үчүн бул экинчи никеси. Биринчи жолдошу миллиардер Алек Вильденштейн менен жүзүндөгү өзгөрүүлөрдүн себебинен ажырашып кетишкен. Тактап айтканда, жолдошу өзү алгачкылардан болуп жубайынын “мышык-аялга” окшошконун каалап, ага пластикалык операция жасатууну сунуштаган. Бирок операциянын жыйынтыгы ал күткөндөй болбой калгандыктан, ажырашууга арыз берген.