Финляндиянын Тампере шаарында 1-6-август аралыгында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова жарым финалдык беттеште жеңилип, эми 3-орун үчүн күрөшөт. Бул тууралуу чемпиондуктун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова 67 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым финалда кубалык Юдари Санчезге туш келген. Беттештин жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова 5:2 эсебинде жеңилип калган. Эми Кыргыз балбаны коло медаль үчүн норвегиялык Хедда Хаус менен күрөшөт.
Эске салсак, Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова алтын медалын жеңип чемпион аталган.