Вице-премьер Жоомарт Оторбаев бүгүн, 21-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында Улуу Британия сотуна “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштер боюнча тастыкталган фактыларды жиберүү керектигин белгиледи. “Биз бардык маселелерди жакшылап иликтеп чыгуубуз керек. Коррупциялык схема болгонбу, жокпу? Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Биз коррупция тууралуу юридикалык жактан тастыкталган маалыматты табуубуз керек. Себеби Улуу Британия соту коррупцияга катыштыгы бар кишилердин банктагы өздүк эсебин токтотуп коёт”,- деди ал.