АКШнын президенти Дональд Трамптын Твиттердеги жеке баракчасына жазган билдирүүлөрү түшүрүлгөн даарат кагазы Amazon компаниясынын сайтында сатыкка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кагазда Трамптын президент болгонго чейин жазгандары да бар. Бул даарат кагазынын бир таңгагы жеткирүү кызматынын баасы менен кошкондо 11,99 долларды (болжол менен 800 сом) түзөт.
"Дональд Трамп буга чейин Amazon`дун президенти, The Washington Post гезитинин ээси Жефф Безосту бир нече ирет сындап, анын басылмасы жалган маалыматтарды таратарын айткан. Ага таарынган жеке ишкер "Трамп" аталышындагы даарат кагаздарын өндүрүүгө бел байлаган", - деп жазылат маалыматта.