Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегациясы менен жолугушууга кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
5-13-август аралыгында Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек араларын тактоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн делегацияларынын ортосунда кезектеги жолугушуулары өтөт.
Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр кайрадан жүргүзүлө баштагандан тартып, 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын августуна чейин тараптардын өкмөттүк делегациялары 15 жолу жолугушуу өткөргөн.
Бардык жолугушуулар конструктивдүү жана достук маанайда өтүүдө. Делегациялардын кезектеги жолугушуусунан кийин тиешелүү протоколго кол коюлат.