Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын бири элдин катарына кызыгып эле кошулуп калганын айтты

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 12 адамдын иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири Рустам Жапаров көрсөтмө берди.

"25-март күнү досум Байгазы Казиев экөөбүз Казакстандын чек арасына бардык. Биз эч кандай митинг өткөрүү үчүн чогулган эмеспиз. Мен атамды тосуп алуу үчүн гана баргам. УКМК тарапка түштөн кийин барсам митинг болуп жатыптыр. Бир аздан кийин суу ичкени дүкөн тарапка басып кайра келсем, ызы-чуу чыгып кетти. Эмне болгонун көрөйүн деп жакын келсем иним Ринатты милициялар сабап жатыптыр. Мен ажыратайын деп барган маалда менин да артыман бирөө чаап, милициялар автобуска алып барып салышты. Андан соң автобус менен Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткиришти.

Автобустун ичинде кимдер отурганын байкаган жокмун. Себеби милициянын токмогунан жарылган бетимди жаап отургам. Милиция бөлүмүндө кармалгандарды иргеп, айрымдарын коё беришти. Менин аты-жөнүм Жапаров болгону үчүн камала тургандар тарапка кошулдум. Милициянын сабаганы боюнча жабырлануучу катары эч жакка арызданган жокмун. Анткени арызым акыйкаттуу иликтенерине көзүм жеткен жок", - деди Рустам Жапаров.

Ал эми айыпталуучулардын дагы бири Айдинбек Шамшидин уулу митингчилердин катарына кызыгып эле кошулуп калганын айтты.

"25-март күнү мен ооруп жүргөн атамды көз доктурга алып бардым. Ал жерден врач жазып берген дарылардын тизмесин алып саат 13:30дар чамасында чыктык. Атам үйдү көздөй кетти. Кечки каттам менен Ошко учуп кетүүгө атам экөөбүздүн билеттерибиз бар эле. Мен түштөн кийин Спорт сарайы тараптан өтүп баратсам көчөдө элдер көп экен. Мен окуяга кызыгып тааныбаган адамдарга кошулуп, алар менен чогуу жөнөдүм. Өзүмдүн кесибим актёр болгондуктан көпчүлүктүн аракеттерине кызыгып эле кошулуп алгам. Кийин УКМК тарапта түштөн кийин ызы-чуу күчөп адамдарды четинен кармап автобустарга сала баштады. Милициялар алдынан чыккандын баарын кармап жатышты. Мени да кошуп кармабасын деген ойдо Фрунзе-Эркиндик бульвары тарапты көздөй качтым. Ошол жерден жарандык кийимчен эки бала мени кармап Субару үлгүсүндөгү унаасына салып алды.

"Мени коё бергиле, менин митингге эч кандай тиешем жок" десем. Алар мени сабап "видеону текшеребиз, эгер жок болсоң кетесиң" дешти. Кийин эл менен чогуу Биринчи Май РИИБине алып барып камады. Менин кесибим актёр болгондуктан адамдардын эмоциясын байкайын, өзүмө тажрыйба алайын деп эле баргам. Себеби мен Султан Ибраимов тууралуу тартыла турган тасмада анын жаш кезиндеги ролун аткармакмын. Митингге атайын максатта барган эмесмин", - деди Айдинбек Шамшидин уулу.

Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Revolyutsiya2
2017-08-07 12:00:35
Ак ийилет бирок сынбайт. Эгер адилеттуу эл уулу бийликке келсе, жогорудагыдай бийликтин кулу прокурор-сот, милиция, УКМКчылар жазасыз калбастыр....
+3
shankol88
2017-08-07 12:05:44
Жооп берет кимдин куноосу болсо...
+3
jbolotov
2017-08-07 14:29:37
Ким мамлекеттин кызыучылыгы учун бир иш чара кылса 11 жылга камоо бул эл озуно душмандык кылуу. Атамбаевке ишенич жок
0
fanatka19
2017-08-07 15:26:06
Бат эле сопу болуп калышат,жөөн эле баргам дешип.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан