Бүгүн президенттикке талапкерлердин үчөө мамлекеттик тил сынагынан өттү

Бүгүн, 7-августта президенттикке талапкерлердин үчөө мамлекеттик тил сынагынан өттү. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азимбек Бекназаров, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова сынакка катышты. Жыйынтыгында Бекназаров 86,4 балл, Таласбаева 79,77 балл, Токтосунова 73,65 балл алышты.

Эске салсак, 7-августка карата 31 талапкер тил сынагын тапшырышы керек болчу. Бүгүнкү күнү 25 талапкер тест тапшырган, анын бирөөсү Руслан Жунусов 46,1 балл алып өтпөй калган. Эки талапкер Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырардын алдында президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартышкан. Өмүрбек Текебаев камакта болгонуна байланыштуу катышуу маселеси чечиле элек. Ал эми Арсланбек Малиев тиешелүү документтерди тапшыруу менен сынакка келе албастыгын билдирип, тестирлөө датасын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Игорь Трофимов жана Мирлан Шерикул уулу билдирүүсү жок эле тестке келбей койгондору белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MAKALAK
2017-08-07 17:11:09
Бекназаров бекер эле убара болуп атат да баарыбир отпойт
+2
BakuNur91
2017-08-07 22:47:21
эмнеге кыргызча суйлошпой орусча суйлошушот?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан