ТИМдин делегациясы Таиландда өтө турган Азия-Тынч океан суу саммитинин 2-отурумуна катышат

КРнын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы 19-20-май күндөрү Таиланддын Чиангмай шаарында өтө турган Азия-Тынч океан суу саммитинин 2-отурумуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Саммитке бир нече мамлекет жана өкмөт башчылары, улуттук жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ММК өкүлдөрү жана суу маселеси боюнча техникалык эксперттер катышат. Иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты - суу ресурстарынын коопсуздугуна тиешелүү маселелерди талкуулоо жана аны чечүүгө биргелешип чечим кабыл алуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан