Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, майыптар арабасында отурган энесин жана бир тууган инисин багып жаткан 15 жаштагы Айчүрөк үй-бүлөсү менен турак жайсыз калганы турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына анын апасы Ырыскан Сулайманова билдирди.
"Буга чейин кызым базарда баштык терип бизди багып жүрүп маалымат каражаттарына чыгып кеткен эле. Андан соң бизге шаардагы компаниялардын бири 1 жыл бою батирдин акчасын төлөп жүрдү. Жакында ишкананын жетекчилиги алмашып, батирдин акчасын төлөбөстүгүн билдирди. Ал эми үй ээси 27-августка чейин мөөнөт берип үйдөн чыгарганы жатат. Буга чейин жашап келген эт комбинатынын жер төлөсүн жаап салышыптыр. Эми кайда барарыбыз белгисиз болуп жатат. Буга чейин кызым Орусиядагы телеканалдардын бириндеги телеберүүгө чыккан. Ошол телеберүүдө жардам беребиз дегендер болгон. Убада бергендердин бири банк аркылуу Москвадан бир жолу 5 миң сом которгон. Андан башкаларынан жардам болгон жок", - деп билдирди Сулайманова.
Ырыскан Сулайманова август айынын башында Темир Сариевге, Сооронбай Жээнбековго, Бакыт Төрөбаевге жана Өмүрбек Бабановго каражат жагынан жардам берүүнү, ошондой эле турак жай салуу үчүн жер бөлүп берүүнү суранып кат аркылуу кайрылган. Андан бери 1 айга жакын убакыт өтсө да, алардан жооп боло электигин айтты.
"Айчүрөк кызым быйыл 15 жашка толду. Балам болсо 13кө чыкты. Окуу жылы башталса окуу куралдарын жана кийим сатып алуу маселеси жаралат. Ал үчүн каражатыбыз жок. Менин кан басымым көтөрүлүп, иштей албай жатам. Бүгүнкү күндө майыптар арабасында отурам. Айчүрөк суусундук сатып иштеп жатат", - деп кошумчалады Сулайманова.