Кыргыз балбандары түркмөн күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна катышат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-август аралыгында өтө турган түркмөн күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 балбан катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүсү, эл аралык категориядагы спорт чебери Бекзат Тынтыкбек уулу, Татарстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалын тагынган Бектуркан Кожомуратов жана башка эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар катышат.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Эркин стиль боюнча мелдеште:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекзат Тынчтыкбек уулу - эл аралык категориядагы спорт чебери;

62 килограммга чейинки салмак ченинде: Ислам Дастанбек уулу - эл аралык категориядагы спорт чебери;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Зиямидин Садыбеков - эл аралык категориядагы спорт чебери;

82 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектуркан Кожомуратов - эл аралык категориядагы спорт чебери;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Урмат Манапбаев - спорт чебери;

100 килограммга чейинки салмак ченинде: Ильяс Нишано - спорт чебери;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Тилек Куранов - спорт чебери;

Классикалык стиль боюнча мелдеште:

62 килограммга чейинки салмак ченинде: Амангелди Эсенбек уулу - спорт чебери;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Кененбек Шамшидин уулу - спорт чебери;

82 килограммга чейинки салмак ченинде: Руслан Табалдиев - спорт чебери;

100 килограммга чейинки салмак ченинде: Жалил Жоробеков - спорт чебери;

Башкы машыктыруучу - Ниязбек Курманкулов;

Машыктыруучу - Марс Шамканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Riokyrgyz
2017-08-10 14:02:12
Амангелди Эсенбек уулу братан.Биздин сыймык
0
doping1
2017-08-11 01:34:00
Riokyrgyz,рио кыргыз озгоруштон болосунбу
суперде токтогулдуктар копко
0
kanat.ozgorush
2017-08-13 23:07:18
ээ амангелди братан биз сага ишенебиз жениш менен кел кудай буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан