Аида Салянованын соту катчы келбей калганына байланыштуу башка күнгө жылды

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурумга соттун катчысы келбей калганына байланыштуу ишти кароо 14-августка жылдырылды.

Буга чейин да Аида Салянованын соту бир гана жолу жылган. Буга жактоочу Чынара Жакупбекованын башка соттук процессте болгондугу себеп болгон.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2017-08-10 16:03:26
Гос.кызматта иштегенден кийин, жумушка как штык келишин керек и жумуш буткондо кетишин керек го.. Анан келбей калса да болобу? Кааласа келип каалабаса келбей коюп иштеген жакшы катчы го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан