Кыргыз спортчулары дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат

Венгриянын Будапешт шаарында 28-август 3-сентябрь аралыгында өтө турган дзюдо боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 8 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинде Азия чемпиондугунун коло медалынын ээлери Юрий Краковецкий жана Владимир Золоев, Ислам тилектештик оюндарынын коло медалдарынын ээлери Отар Бестаев жана Бектур Рысмамбетов бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Алмаз Алтынбек уулу жана Артур Те;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Бектурсунов жана Фарух Булекулов;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Юрий Краковецкий;

Башкы машыктыруучу - Абдужалил Юнусов;

Машыктыруучу - Сергей Мистрюков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан