super.kg logo

Интернетте бийи менен атактуу болгон италиялык миллионердин мүлктөрү арестке алынды

 

Италиянын "BPM" банкы интернетте 2016-жылы жай мезгилинде өзүнүн бийлегени менен атактуу болгон миллионер Жанлука Ваккинин мүлкүн арестке алганын чет элдик басылмалар бүгүн, 10-августта жазып чыгышты.

Маалыматтарда Вакки 2008-жылы алган 10 миллиондук насыянын эсебинен каржыланган бир нече яхта, вилла, гольф-клубунан айрылганы айтылат. Насыя алгандан бери миллионер 2 жолу 2 миллион евродон төлөгөн. Бирок 2015-жылы соӊуна чыккан мөөнөт аралыгында 3-жолу төлөмдү жапкан эмес.

Жергиликтүү басылмалар Вакки туугандарына тиешелүү компанияларды башкаруу боюнча жарытылуу эмгектенбей турганын, болгону өзүн социалдык тармактарда көрсөтүү менен алек экенин жазышат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айында социалдык тармактарда "50 жаштагы миллионер укмуш бий көрсөтүптүр" деген аталыштагы видео популярдуу болгон. Андан көп өтпөй эле орусиялык алып баруучу Андрей Малахов кезектеги көрсөтүүсүн "бийлеген миллионер" атыккан Жанлука Вакки жашаган Италиянын Болонья шаарындагы үйүнө барып, анын жашоосу, эмне менен алектенери тууралуу маек курган.



50 жаштагы миллионер укмуш бий көрсөтүптүр

Бачата бийлеген 50 жаштагы миллионердин жашоосу

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
Медиа-портал
20.10.2016. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
24-06-2015
Соӊку аракети:
19-10-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
-1
Жашоо деп ушуну айт.
Медиа-портал
22.10.2016. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
796
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акабиздин аты ким билгендер айтып койгулачы
Медиа-портал
10.08.2017. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-08-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 04:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г Ош..
0
Bubu88,Жанлука
10.08.2017. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 22:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
кайдагы жашоо арканан миллион кредиттер турса!
10.08.2017. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
09-11-2018 19:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+5
Кредит алып той кылыш бизге кандай зарыл болсо бул кишиге деле зарыл экен да яхта, вилла, гольф талаасыны алып тообо.
11.08.2017. 08:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
31-05-2015
Соӊку аракети:
01-09-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет менен ооруп калган экен да. :))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: