25-май - Акыркы коңгуроо күнү Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 25-май күнү мектептерде Акыркы коңгуроо майрамына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Буга байланыштуу 800 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Эске салсак, Билим берүү министрлиги жана Шаардык билим берүү башкармалыгы бул күнү окуучулардын жаратылышта, ресторан-кафе өңдүү жайларда салтанат өткөрүүсүнө тыюу салган. Майрам белгиленип жатканда бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна жана өмүрүнө ата-энелер жооп берери эскертилген. Айта кетсек, быйыл Бишкекте 9-классты 9 миңден ашык, ал эми 11-классты 4,5 миңдей окуучу аяктап жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан