Жай мезгилинин ичинде Бишкек шаарына коюлган таштанды таштоочу жаңы контейнерлердин 71 даана дөңгөлөгү уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы жашоочуларды коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрүүгө, муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырат. Коомдук жайларда жайгашкан муниципалдык буюмдарды бузуп, сындырып, уурдап жатканын көргөндөр болсо дароо тартип сакчыларына маалымдоону суранабыз", - дейт мэриянын маалымат катчысы.
Учурда дөңгөлөктөрү уурдалган таштанды таштоочу контейнерлер "Тазалыктын" жумушчулары тарабынан калыбына келтирилген.