Бүгүн, 11-августта кыйратуучу катуу шамал жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.
"Буга чейин 11-августтан 13-августка чейин өлкө аймагында катуу шамал болуп күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт деп шашылыш маалымат бергенбиз. Шамалдын багыты биздин өлкөгө жакындап келе жатат. Секундасына 18-23 метрге жеткен шамал болушу күтүлөт. Жашоочуларды этият болууга чакырабыз.
Анткени мындай кубаттуу шамалдан дарактар кулап, үйдүн чатырлары учушу мүмкүн. Шамалдын жүрүшү жакынкы 3 саат аралыгында болушу ыктымал", - деп билдирди агенттиктен.