Манас Ниязов Казакстанда өтчү көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-августта интернеттеги баракчасына жазды.
"Астанада өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке барбай турган болдум. Кыргыз курама командасынын жеӊишине тереӊ ишеним менен ийгилик каалайм. Алга кыргыз элим, алга жигиттер, алга кыргыз көк бөрүсү", - деп жазган.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязов барбай турганы талкууланып жаткан. Улакчы өзү бул тууралуу: "Азыр окуу-машыгуу жыйындарында жүрөбүз, даярдык жакшы, бирок Казакстанга барарым же барбасым тууралуу маселе учурда чечиле элек", - деп билдирген.
Белгилей кетсек, Астана шаарында 20-28-август аралыгында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Анда Кыргыз курама командасы "А" тайпасында ойноп, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, АКШ курамалары менен беттешет.