Садыр Жапаровдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна актоо өкүмүн чыгаруу өтүнүчүн келтирип апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Садыр Жапаровдун ишин карап өкүм чыгарган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен толук актоо өкүмүн чыгаруу талабы коюлуп арыз жаздык. Сот арызыбызды кабыл алды. Ишти кайсы күнү карайт белгисиз. Ошол эле учурда сурак учурунда жазылган күбө Наристе Калчаев менен Кенжебек Жумабаевдин сурактагы жазылган аудиожазуусун кошо тапшырдык", - деп билдирди Токтосунов.
Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Жактоочу үч күндөн бери аталган райондук сотунан соттук отурумдун протоколун ала албай убара тартып жүргөнүн айтып, коомчулукка билдирүү тараткан.